Кызыл-Кыяда милиция “Сапат” лицейинин окуучусу сабалган ишти иликтеп жатат 

Социалдык тармактарда “Сапат” кыргыз-түрк лицейинин окуучусун ур-токмокко алган учурундагы видео тараган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, аталган факты Кызыл-Кыя шаардык милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.