Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат. Бул тууралуу КР Социалдык фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы тартып КР өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген.
Аталган келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 212 суроо-талап жиберилген, 210 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор берилди.
Келишимдин алкагында Түркия Кыргызстандын 1 жаранына пенсия чектеди.