Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери коомдук транспорттун пландык чыгуусун, бекитилген кыймыл чиймесин сактоо боюнча рейд жүргүзүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө эрежелерди сактабаган, GPS-трекерлерди өз алдынча өчүрүп койгон айдоочулар аныкталып, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 8 протокол түзүлдү.
Рейдге “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы, Бишкек троллейбус башкармалыгы, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын кызматкерлери катышты.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара коомдук транспорттун тейлөө сапатын жакшыртууга багытталып, байма-бай өткөрүлүп турат.