Кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов аталык укуктан ажыратылды

Бул тууралуу жактоочу Индира Саутова билдирди.

Иш кечээ Сокулук райондук сотунда каралды. Учурда Тергөө абагында олтурган айыпталуучу онлайн катышкан.

Сот Асел Ногойбаеванын доосун канааттандырып, Азамат Эстебесовду аталык укуктан ажыратты.

Белгилей кетсек, Асел Ногойбаеванын эки өспүрүм курактагы уулу бар.

Эскерте кетсек, коомчулуктун үрөйүн учурган кырсык 2023-жылдын 20-сентябрында Селекция айылында болду. Азамат Эстебесов беш жыл мурда ажырашкан Асел Ногойбаеваны батирине таң эрте кирип келип,  сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Мунун баарына кичүү уулу күбө болгон. Бул боюнча ишти кароо Сокулук райондук сотунда 23-январда улантылат.