Бир суткада 10 миңден ашык адам сасык тумоо менен ооруп жатат. Көбү жаш балдар

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар улам көбөйүп жатканын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 16-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку бир жумада тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны 10 112 адамга жетти. Бул ага чейинки аптага салыштырганда 22,5 пайызга көп. Ооруга чалдыккандардын 65,4 пайызы балдар.

Белгилей кетсек, сасык тумоологондордун басымдуу бөлүгү Бишкекте, Чүй облусу жана Баткен облусуна тиешелүү.