Ош Эл аралык аэропортто  ок- дары алып жүргөн жаран кармалды

2024-жылдын 6-январь күнү Өзгөн районунун 2004-жылы туулган тургуну М.уулу Б. Ош Эл аралык аэропорту аркылуу Россия Федерациясына учуп кетүү  үчүн келип, текшерүүдөн өтүп жатканда анын  сумкасында 1 даана белгисиз калибрдеги патрон жана 1 даана кастет бар экендиги аныкталган.

 Бул факты Ош облустук ички иштер башкармалыгына каттоого алынып, тийшитүү текшерүү иштери башталган.

Белгисиз калибрдеги патронго жана кастетке тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Эскпертизанын  корутунудусуна ылайык, патрон- АКС-74, АКС-74У, АК-74 жана РПК-74 автоматтарына колдонулуучу 5,45 калибрдеги атууга жарактуу ок экендиги аныкталган.

Топтолгон материалдын жана экспертизанын корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү М.уулу Б. тергөө кызматына  камсыз болду.

Учурда  окту кайдан алгындыгы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.