Акжол Махмудов 2023-жылдын доминант балбаны деп табылды – UWW 

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча 2023-жылдын эң доминант балбаны деп табылды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.
Махмудов быйыл 11 беттеш өткөрүп, анын биринде да утулган эмес. Ал Азия жана Дүйнө чемпионаттарында, ошондой эле Азия оюндарында алтын медаль уткан.
Махмудов беттештердин 55%ын мөөнөтүнөн мурда жеңген (упай боюнча же атаандашынын далысын жерге басып).