Депутаттар “Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзамды кантип кабыл алышат?

20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун талкуулашты. Талкууда фракциялар мыйзам долбоору боюнча өз сунуштарын бергени белгилүү болду. 

“Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев анын фракциясы мыйзам долбоорунун 21 пункту боюнча сунуш киргизгенин билдирди. Анын айтымында, бул сунуштардын бири дагы кайтарылып алынган эмес. 

Депутат Дастанбек Жумабеков мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, тактап айтканда, саясий ишмердүүлүк түшүнүгүн тактоо, коммерциялык уюмдар үчүн отчеттуулукту алып салуу, айып пул менен чектелүүнү жана буга чейинки мыйзамдарда тыюу салынган аракеттер боюнча ал уюмдарды жоопкерчиликке тартпоону сунуштады.

«Альянс» фракциясынын депутаты Нилуфар Алимжанова алардын фракциясы да мыйзам долбоору боюнча сунуштарын киргизип, аларды кайра чакыртып алуу ниети жок экенин билдирди.

Ал эми “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков алардын фракциясы мыйзамга сунуш киргизбегенин, башка фракциялардын сунуштарына окшош болгондугу менен түшүндүрдү.