Караколдо ооруканада өрт чыгып, бейтаптар эвакуацияланды

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын кардиология бөлүмүндө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө бир күжүрмөн эсеп тартылган.

Кардиология бөлүмүндө жаткан 60 бейтап жана 4 медицина кызматкерлери эвакуацияланган. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Тилсиз жоо эртең мененки саат 07:40да толугу менен өчүрүлгон, өрттөн оорукананын 12 чарчы метр шыбы күйүп кеткен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.