Бишкектин Биринчи май районунда диний мекемелерди текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө райондун аймагында жайгашкан диний мекемелердин документтерин жана жалпы санитардык абалы текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин 2 мечит жана 1 христиан диний мекемеси убактылуу жабылган.
Ошондой эле Бишкек шаарынын МСЭКБ тарабынан 8 санитардык көрсөтмө жана 7 протокол жазылып берилген.
Мындан тышкары, Биринчи май райондук ИИБ тарабынан 4 административдик протокол түзүлгөн.
Белгилей кетсек, рейдге Ички иштер башкармалыгынын, УКМК, МСЭКБ, “Бишкекбашкыархитектура” МИ, “Кадастр” БФ, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын, казыяттын жана РЭСтин өкүлдөрү катышты.