Бишкекте баңгизат саткан эки адам кармалды. Алардын бири “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү

КР ИИМдин БМЖКККга мурда соттолгон адам Афган тектүү маңзат каражаттарын таратуу менен алектенип жатканы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. 

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө А.Н. аттуу жаран “улуттар аралык кастыкты козутуу жана эркинен ажыратуу жайларынан качуу” беренеси боюнча мурда соттолгон Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү катары КРнын ИИМдин каттоосунда туруп, 2013-жылдан бери анын активдүү мүчөсү экендиги аныкталган.

Тактап айтканда, ИИМдин БМЖКККнын жана ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери Бишкекте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө май куюучу станциялардын биринде “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унааны башкарган 1987-жылы туулган К. Э. жана жүргүнчү А. Н. токтотулган.

Жеке текшерип кароодо А. Н. курткасынын оң чөнтөгүнөн тунук түстөгү целлофан табылып, анда 8 даана өзгөчө жыты бар, кочкул жашыл түстөгү зат болгон. Алынган заттын салмагы таңгагы менен кошо 41 граммды түзгөн.  Тинтүү учурунда Хонда-Фит автомашинасы айдоочунун отургучунун чөнтөгүнөн салмагы 2 грамм тегеректелген формадагы зат табылып, алынган.

Айдоочу К.Э. жашаган жерин тинтүү учурунда кызматтык издөө иттин жардамы менен, салмагы 45 грамм болгон “гашиш” (Афган Чарс) баңги каражаттарын сактоо жайы табылды.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар баңгизат болуп аныкталып, канабисса чайыры “гашиш” болгон. Шектүүлөр Бишкек шаарынын тергөө абагына киргизилди