Бишкекте карды тазалоого тоскоол болгон унаалар эвакуацияланат 

Бишкекте карды тазалоого тоскоол болгон унаалар эвакуацияланат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдиришти.

Муниципалитеттен белгилешкендей, автоунааларды туура эмес токтотуу жолдорду кардан тазалоого тоскоол болууда.

“Андыктан, карды тазалоого тоскоол болгон унаалар эвакуацияланат”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле айдоочуларга ыңгайлуу болушу үчүн муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын тизмеси төмөндө тиркелет.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 10-декабрдан 12-декабрга чейин Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, айрым райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

12-декабрдан 14-декабрга чейин Бишкекте жана анын айланасында абанын температурасынын төмөндөшү уланат. Абанын температурасы түнкүсүн -20°C чейин төмөндөшү, күндүз -10 дон -15°C га чейин суук болушу күтүлөт..