Байтик, Сокулук жана Лебединовка Бишкек шаарына кошулушу мүмкүн

Бишкектин аймагы үч эсеге чоңойтулат. Бул тууралуу 6-декабрда маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Анын айтымында, келерки жылга министрлер кабинети беш милдетти койду:
• жумуш түзүү;
• каржыны башкаруу жана административдик реформа чөйрөсүндө мамлекеттин институционалдык потенциалын чыңдоо саясатын улантуу;
• билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу;
• эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү;
• экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу, климаттын өзгөрүшүн жумшартуу.
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү артыкчылыктуу багыт болот, деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысынын орун басары.
“Айбек Жунушалиевдин мэр болуп дайындалышынын бирден бир себеби Бишкектин аймагы 3 эсеге чоңойтуу. Бул чоң өзгөрүүлөргө алып келет”, – деди Байсалов.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков борбор калаанын аймагы канча чарчы чакырымга көбөйөрүн жана кайсы конуштар шаардын курамына кире аларына кызыкты.
Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев бул жөн гана сунуштар, эч кандай чечим кабыл алына элек деп жооп берди.
Депутаттын айтымында, Бишкекти 2024-жылга өнүктүрүү планына ылайык, шаарга Байтик, Сокулук жана Лебединовка айыл округдары кириши керек.
“Бул планды карманасыңбы?” – деп сурады Самаков.
Байдылдаев борбор калаанын 2025-жылга чейинки башкы планы бекитилгенин айтты. Анын курамына 12 айыл округу кирген.
“Учурда эсептөөлөр, коммуникациялар, жолдор каралып жатат. Бирок бул талкууланып жаткан сунуштар гана. Мен сизге андай маалымат бере албайм, укугум жок”, – деп кошумчалады аткаминер.