Кыргызстанда 600 миңге жакын окуучу ысык тамак менен камсыздалды

 Кыргызстанда 600 миңге жакын окуучу ысык тамак менен камсыздалды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форумунда КР билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө башталгыч класстын балдары үчүн бир жолку тамактанууну уюштурууга бардык шарттар түзүлгөн жана аларды каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлөт.

Догдуркул Кендирбаева бүгүнкү форум – КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-аш программаларын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларын алмашууга мүмкүнчүлүк түзгөн мыкты аянтча экендигин белгиледи.

“Улуттук мектеп тамак-аш программасынын негизги максаты – башталгыч класстардын окуучуларын пайдалуу ысык тамактар менен камсыз кылуу. Анткени мектеп тамак-ашы сапаттуу билим алууга өбөлгө түзүп, балдардын окууга болгон дымагын жана натыйжалуулугун жогорулатат”, – деди министр.

Буга кошумча Кендирбаева БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы “Мектептеги тамак-ашты оптималдаштыруу” программасынын алкагында техникалык, инфраструктуралык колдоо көрсөткөндүгүн, ошондой эле менюну иштеп чыгууга көмөктөшкөндүгүн белгиледи.

Мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форумга КМШга мүчө өлкөлөрдүн жана башка кызыкдар өлкөлөрдүн мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, бул чөйрөдөгү алдыңкы эл аралык институттардын жана мекемелердин өкүлдөрү, профилдик илимий, эксперттик жана коммерциялык уюмдар катышты.