Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин унаалары аукциондо сатылат

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги алты унааны сатуу боюнча электрондук аукцион жарыялады. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалат.

Жарыяда машинелер министрлер кабинетинин менчигинде экени айтылат. Бирок алар мурда кримтөбөлгө таандык болчу.

«Бул унааларды Камчыбек Асанбектин үй-бүлөсү мүлктү мамлекеттин пайдасына өткөрүп берүү келишиминин негизинде өткөрүп берген» — деп билдирди.

Аукционго коюлган эң кымбат унаалар — 2021-жылы чыгарылган BMW Alpina XB — баштапкы баасы 18 миллион сом, 2017-жылы чыгарылган Mercedes-Benz S600 — баштапкы баасы 25,5 миллион сом.

Андан тышкары, 2019-жылы чыккан Hyundai Genesis (2,8 миллион сом), 2019-жылы чыгарылган Kia Rio X-LINE (1,15 миллион сом), 2013-жылы чыккан Mercedes-Benz G500 (5,4 миллион сом) жана 2005-жылы чыгарылган Toyota Land Cruiser Prado (1,25 миллион сом) унаалары аукциондо сатылат.

Аукцион 2023-жылдын 11-декабрында электрондук соода аянтчасынын сайтында онлайн режиминде өтөт http://auctionetp.gov.kg.