Нарында банкоматта кезек күтүп турган кызды сабаган жаран аныкталды

Нарында банкоматта кезекте турган кызды сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын тургуну 20 жаштагы К.А. “102” номерине чалып, бейтааныш адам аны эч себепсиз уруп-сабаганын билдирип, ага карата мыйзамга ылайык чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Нарын шаардык ички иштер бөөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Арыз ээси А.К.га соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ооруканага жаткырылды.

Кылмышка шектүү катары Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну 1992-жылы туулган С. у.Ж. аныкталып, оорусунай байланыштуу камакка алынган эмес. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.