Таштанды челектен табылган ымыркайдын энесин тергөө абагына киргизишти

Буга чейин тартип сакчылары ыргытылган наристенин энеси табылып, кармалганын билдиришкен.

 Жаңы төрөлгөн чүрпөсүн Бишкекте таштанды челекке таштаган аялды №1 тергөө абагына киргизишкенин Sputnik Кыргызстанга шаардык соттон кабарлашты.

Эске салсак, борбор калаада кызыл эт ымыркайын таштанды челекке таштап кеткен 21 жаштагы А. С. боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Эми ал 11-январга чейин камакта болот.

Адамды селт эттирген окуя 8-ноябрда болгон. Бишкекте саат 23:30дар чамасында таштанды челектен полиэтилен баштыкка оролгон баланы көргөндөр милицияга телефон чалышкан. Мындан көп өтпөй иш козголуп, наристенин энеси да табылган.