Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев каза болду

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев каза болду.

Kazinform маалымдагандай, Борбордук клиникалык ооруканадан Болат Назарбаевдин каза болгондугун тастыкташты.

“2023-жылдын 13-ноябрында саат 09:51де Болат Назарбаев узакка созулган оорудан кийин каза болду”, — деп айтылат оорукананын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Назарбаев Болат Абишевич 1953-жылы Алматы облусунда туулган.