Бишкекте ар дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкек шаарында 11-12-ноябрдан тарта кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат.

Жарманкенин максаты – атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү.

Белгиленгендей, жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат.

Жарманке өтүүчү жайлардын дареги:

– Биринчи май району (Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин;

– Октябрь району (Нуркамал Жетикашкаев-Айтиев-Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 7:00дөн 19:00гө чейин чейин;

– Свердлов району (Төрөкул Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин.