Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларына туризм тармагын өнүктүрүүнү сунуштады

 Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларына туризм тармагын биргелешип өнүктүрүүнү сунуштады. Мамлекет башчысы бул тууралуу Астанада өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун X саммитинде билдирди.

“Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туристтик потенциалын жогору баалоо менен бул тармакты өнүктүрүү үчүн аракеттерди бириктирүүгө чакырам. Тактап айтканда, ар бир мүчө өлкөнүн маданий жана тарыхый жерлерин камтыган, тилинин, маданиятынын, каада-салттарынын жана дининин жалпылыгын чагылдырган туристтик маршруттарды жылдыруу”, – деди президент.

Белгилей кетсек, учурда Астанада Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезектеги онунчу жыйыны өтүүдө.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусунун темасы “TURKTIME” (Traditions – каада-салттар, Unification – биригүү, Reforms – реформалар, Knowledge – илим, Trust – ишеним, Investments – инвестициялар жана Mutual Energy – өз ара энергия) болуп саналат.

Саммиттин ишине уюмга мүчө – Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышууда.

Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы саммиттин ишине ТМУга байкоочу макамы бар өлкөлөр катары катышууда.

Саммиттин алкагында өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясын кабыл алышат.