Жалал-Абадда шаар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 26-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда Шаар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чара Жалал-Абад шаарынын аталышынын тарыхына арналган майрамдык оюн-зоок менен башталды.

Сөз сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы кыргызстандыктарды Жалал-Абад облусунун борборунун 146 жылдыгы менен куттуктады.

Ал ата-бабалар кезинде Ата Мекенибизди кан-жаны менен коргоп, күрөшүп жүрүп, бизге – урпактарга калтырганын эсибизден чыгарбашыбыз керектигин, тарыхыбызды урматтоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.