ЖМК: Газада 2 миңден ашык бала көз жумду

17 күн ичинде Газа секторунда 2000ден ашык бала көз жумганын РИА Новости эл аралык кайрымдуулук Save the Children уюмунун маалыматына таянып кабарлады.

“Газага абадан тынымсыз сокку урулуп, миңдеген имарат урандыга айланууда. Мындан улам бул аймакта кеминде 2 миңдей бала набыт болсо, Иордан дарыясынын батыш жээгинде 27 бала каза тапты”, — деп жазылат маалыматта.

Save the Children уюмунун Палестинадагы директору Жейсон Ли чабуулду тез аранын ичинде токтотууга чакырды.

“Балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн биз бардык тарапты чукул чара көрүүгө, эл аралык коомчулукту бул аракеттерди колдоого чакырабыз. Балдар өмүрүн сактап калуу үчүн зомбулукту токтотуу керек”, — деген Ли.