Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилип, Төө-Ашуу ашуусунда жолду кардан тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштери №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.
“Тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек – Ош унаа жолунун 81 чакырымында (Төө-Ашуу, Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди”, – деп айтылат маалыматта.
“Кыргызавтожол” ишканасы жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайт.