Россия Кыргызстандын бензин жана дизелге болгон муктаждыгын толук камсыздайт – Путин

Орус-кыргыз кызматташтыгынын маанилүү тармактарынын бири – энергетика. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдө билдирди.

“Биздин өлкө Кыргызстанга мунай продуктыларын негизги жеткирүүчү болуп саналат. Биз кыргызстандык керектөөчүлөрдүн бензинге жана дизель отунуна болгон керектөөсүн толугу менен камсыздайбыз, өткөн жылы 1,2 млн тоннага жакын күйүүчү май экспорттодук, ушул жылдын аягына чейин ушунча көлөмдө жөнөтүүнү пландап жатабыз. Мындан тышкары, жеткирүү жеңилдетилген шарттарда – экспорттук алымдарды албастан ишке ашырылат, бул республика үчүн да, экономикалык операторлор үчүн да түздөн-түз экономикалык натыйжа берет”, — деди Россиянын президенти.