Байсалов: Министрлер кабинети кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүү чечимин кабыл алды

“Бир алкак, бир жол” демилгесинин 10 жылдыгына арналган “Кыргызстан-Кытай” достук коомунун салтанаттуу жыйынында КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов маанилүү билдирүү жасады, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Байсалов достук маанайда жана өлкөлөр ортосундагы элдик дипломатияны чыңдоо максатында Кыргызстандын министрлер кабинети Кытай Эл Республикасынын жарандары – Гонконг жана Макао аймактарынын тургундары үчүн визасыз режимди киргизүү чечимин кабыл алганын маалымдады. Ал кошумчалагандай, АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигине ачык визасы бар Кытай жарандары да бул жеңилдиктен пайдалана алышат. Бул чечим Кыргызстан менен Кытайдын элдеринин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө, ошондой эле маданий жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жасалган кадам болуп саналат.