Атабек Абылгазиев энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

Абылгазиев Атабек Абылгазиевич энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин Нарын электр тармактар ишканасынын башкы директору болчу.