Аз камсыздуулук боюнча жөлөкпулду алууга ким укуктуу?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аз камсыздуулук боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алууга кимдер укуктуу экенин маалымдайт.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жөлөкпул бир балага 1200 сом өлчөмүндө төмөнкү критерийлерге жооп берген аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, анын ичинде эмгек мигранттарынын 16 жашка чейинки балдарына дайындалат.

Дайындоодо үй-бүлөнүн жалпы кирешеси эске алынат, ал үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө айына 1000 сомдон ашпоого тийиш.

“Эмгекке жарамдуу курактагы үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү иштеши керек, же эмгекке жарамсыздыгын/убактылуу эмгекке жарамсыздыгын далилдеши керек. Эгерде үй-бүлөнүн эмгекке жарамдуу бир же бир нече мүчөсү бош эмес болсо, анда “үй-бүлөгө көмөк” деп кайрылуудан мурда алар жумушсуз катары каттоого турушу зарыл”, – деп айтылат маалыматта.

Жөлөкпул иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында белгиленген тартипте иштебеген жана катталбаган жарандарга дайындалбайт.

Мында арыз берүүчүнүн өзүнөн (анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн) жумушсуз статусун кагаз жүзүндө тастыктоо (маалымкат) талап кылынбайт, анткени маалыматтар эмгек рыногунун маалыматтык системасына киргизилет, алар автономдуу режимде социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына (СЖКМС) жеткирилет.

Эгерде жаран ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эки айдын ичинде келбесе, ал расмий жумушсуздун жана жумуш издегендин эсебинен чыгарылат.