“Альянс Алтын” компаниясынын кызматкерлери ардак наамдар менен сыйланышты

Мамлекетибиздин социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык өнүгүүгө кошкон салымы үчүң Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин “Ардак Громатасы” менен компаниянын башкы директорунун өндүрүш боюнча орун басары Константин Чуприн сыйланды.

Андан тышкары Кыргыз геология кызматы жана КРнын тоо-кен металлургия кесиптик бирлиги тарабынан компаниянын кызматкерлери Бейшекеев Мурат “Почетный металлург”, Олег Чубко “Почетный геолог” жана Ташкараев Максат “Почетный горняк” наамы менен сыйланышты.

Сыйлыкты “Альянс Алтын” ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов тапшырды. Сабир Рахматов өз сөзүндө сыйлыкка ээ болгондорду куттуктап, алардын күжүрмөн эмгегинин аркасында компаниянын иши алгылыктуу болуп, өлкөбүздүн экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошуп жатканын баса белгиледи.