128,8 млн сомго 241 даана трансформатор сатып алынды – Энергетика министрлиги 

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК 128,8 млн сомго 241 даана трансформатор сатып алды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 152 даанасы компаниянын кампаларына келип түштү, дагы 89у жуманын аягына чейин алып келинет. Трансфоматорлор бир ай ичинде өлкөнүн бардык аймактарында алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында электр тармактар ишканаларында орнотулат.

Сатып алуу иштери тендер аркылуу жүргүзүлүп, компаниянын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн, жеткирүүчү “Электрощит – ТМ Самара” ААК.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев мындай масштабдуу сатып алуулар компанияда биринчи жолу чыгымдарды оптималдаштыруунун, электр менен жабдуу процесстерин санариптештирүүнүн, ошондой эле 2023-жылдын 1-майында электр энергиясына тарифти 23 тыйынга ( 77 тыйындан 1 сомго) жогорулатуунун эсебинен ишке ашырылып жатканын белгиледи.

“Жаңы трансформаторлорду орнотуу электр энергиясын берүүдөгү жоготууларды азайтып, керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жана жарыкты үзгүлтүксүз берүү иштерин жогорулатат” – дейди Ибраев.

Маалымдамат үчүн: “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК – электр станцияларында өндүрүлгөн электр энергиясын турак жай, ири өнөр жай жана башка керектөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында ташуучу жана бөлүштүрүүчү энергетикалык компания.