
Кыргызстандын улуттук курама командасы XIX жайкы Азия оюндарында 18-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене трабия жана спорт департаментинен билдиришти.
Азия оюндары 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өттү.
Оюндарга Кыргызстандын 162 спортчусу спорттун 23 түрү боюнча катышты. Жалпы эсеп боюнча улуттук курама команда 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло медаль жеңип, 18-орунду ээледи.