Транспорт министрлиги өлкөдөгү жол оңдоо иштери тууралуу маалымат берди

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы өлкөдөгү жол оңдоо иштери тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, учурда төмөндөгү аймактарда жолдорго асфальт төшөлүп, жолдорду оңдоо иштери жүрүүдө:

– Өзгөн районунун Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 22,5-23,5-чакырым аралыгына асфальттын астыңкы катмары төшөлдү. Алдыда №956 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан үстүңкү катмар да басылат;

– Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Мөнөк айылынын ички көчөлөрү оңдолууда;

– жалпы 9 чакырымды түзгөн Коммунизм – Акташ – Щверник унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Быйыл аталган жолдун 3 чакырымын оңдоо каралып, учурда бир чакырымдай жери жасалды;

– Калинин – Погранич – Кызыл-Туу жолуна асфальт басуу үчүн жер иштери жүрүүдө. Быйылкы планда 3 чакырым аралыкты асфальттоо каралган;

– Нарын шаарынын Табалдиева атындагы көчөсүнө асфальт төшөлүүдө;

– Ош – Бишкек унаа жолунун 616-666,5-чакырым аралыгында жер-жерлерде жол сызыктары чийилүүдө;

– Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт жолундагы таштандылар тазаланды (30-31, 57-57-чм).