Ош базары менен Батыш автобекетин Пригородное айылынын тышына көчүрүү пландалууда

Ош базары менен Батыш автобекетин Пригородное айылынын тышына көчүрүү пландалууда (сол тарабынан “Достук” кичи районунун маңдайы). Бул тууралуу бизге Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдирди

Иш 2024-жылы башталат. Учурда көчүрүүнүн механизмдери иштелип, эскиздер даярдалып жатат.

Ал эми Чыгыш автобекетин Алматы менен айланма жолдун кесилишине көчүрүүнү ниет кылышууда (түндүк-чыгыш бөлүгү).