Айсулуу Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду

Балбан алтын медаль гана албастан, ишенимдүү түрдө Париж Олимпиадасына жолдомого да ээ болду.

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында япониялык Сакура Мотокини 4:1 эсебинде жеңди. Беттеш UWW сайтында көрсөтүлдү.

Ушуну менен Айсулуу дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду.

Мелдеш ушул тапта Сербиянын борбору Белград калаасында өтүүдө.

Спортчу килемде 62 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Алгач 1/16 финалда польшалык балбанды 8:2 эсебинде, 1/8 финалда андорралык спортчуну 10:0 эсебинде жеңген. Ал эми 1/4 финалда украиналык кызды утуп, жарым финалда германиялык спортчуну 4:2 эсебинде жеңген. Ошондо эле спортчуга Париж Олимпиадасына жолдомо берилген.

Белгилей кетсек, буга чейин Айпери Медет кызы алгачкылардан болуп кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Андан кийин лицензияны грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов менен суучул Денис Петрашов уткан.