ИИМдин башчысынын орун басары Борбордук Азия аймактык маалыматтык координациялык борборунун директору менен баңги кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен ишти талкуулашты

Бүгүн, 21-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиевдин Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Борбордук Азия аймактык маалыматтык координациялык борборунун директору Атагелди Язлыев менен жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чарага ИИМдин БМЖКККнын башчысы Уланбек Султанов жана  милициянын полковниги Нурлан Ниязбеков катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Борбордук Азия аймактык маалыматтык координациялык борборунун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнү талкуулашты.

Ал бүгүнкү күндө катышуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын трансулуттук баңги кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча күч-аракеттерин координациялоонун натыйжалуу механизми болуп саналаары шексиз экендиги белгиленди.

Ошондой эле криминалдык чөйрөнүн жаңы реалдуулукка тез ыңгайлашуусун эске алуу менен бир катар долбоорлорду жана алдынкы программаларды биргелешип ишке ашыруу каралды.