Садыр Жапаров социалдык баракчасында постун Ли Куан Юнун жүз жылдык мааракесине арнады

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» билдирүүсүн Сингапурдун биринчи премьер-министри, «Сингапурдун экономикалык кереметин» жараткандардын бири Ли Куан Юнун жүз жылдык мааракесине арнады.

“Сингапурдун башчысы ким болбосун, ал күчтүү эркке ээ болушу кажет же багынышы керек. Бул карта оюну эмес.  Бул өмүрлөр: силердин жана менин.

Бул мамлекетти курууда мен бүт өмүрүмдү арнадым, анан аны кыйратууга эч кимге жол бербөөгө да жооптуумун”.

Ли Куан Ю

Бүгүн, 16-сентябрда, элдин тагдырын жана тарыхын өзгөртүп, 30 жылдан кем убакытта үчүнчү дүйнөдөн биринчиге чыгаруу мүмкүн экенин далилдеген Ли Куан Юнун жүз жылдык мааракеси.

Эгемендүүлүгүбүздүн алгачкы 30 жылын оңой эмес сабак алууга короттук.

Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы.

Анан бул иште бизге жолтоо болгондор эсинен чыгарбасын:

“Бул карта оюну эмес.

Бул өмүрлөр: силердин жана менин…”, – деп жазды Садыр Жапаров.