Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалдык кɵзɵмɵл министрлиги республикада айлана-чɵйрɵнү тазалоо боюнча масштабдуу экологиялык акцияны ɵткөрɵт.
“Акцияга бардык жарандар кошулуп, кɵчɵлɵрдү, айылдарды, район, облус жана бүтүндɵй мамлекеттин аймагын биргеликте тазалоого чакырабыз.
Аталган иш-чара 2022 жылдын 8-октябрында алгачкы жолу ɵткɵрүлүп, 600 тоннадан ашык таштанды чогултулуп, ага 133 508 жаран катышкан.
Бардык таштандылар сорттолуп кайра-иштетүүчү ишканалар тарабынан алынып чыгарылган.
Бул жолку акция дагы жогорудагы алгоритм менен ɵткɵрүлɵт. Таштандыларды бɵлүп чогултуу маданиятын коомчулукка киргизүү, экологиялык маданиятты арттыруу – иш-чаранын башкы максаттары”, – деп белгиледи министрлик