Кыргызстанда масштабдуу экологиялык акция өтөт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалдык кɵзɵмɵл министрлиги  республикада айлана-чɵйрɵнү тазалоо боюнча масштабдуу экологиялык акцияны ɵткөрɵт.

“Акцияга бардык жарандар кошулуп, кɵчɵлɵрдү, айылдарды, район, облус жана бүтүндɵй мамлекеттин аймагын биргеликте тазалоого чакырабыз.

Аталган иш-чара 2022 жылдын 8-октябрында алгачкы жолу ɵткɵрүлүп, 600 тоннадан ашык таштанды чогултулуп, ага 133 508 жаран катышкан.

Бардык таштандылар сорттолуп кайра-иштетүүчү ишканалар  тарабынан алынып чыгарылган.

Бул жолку акция дагы жогорудагы алгоритм менен ɵткɵрүлɵт. Таштандыларды бɵлүп чогултуу маданиятын коомчулукка киргизүү, экологиялык маданиятты арттыруу –  иш-чаранын башкы максаттары”, – деп белгиледи министрлик