Мыйзамсыз баюуга шектелген Жогорку Соттун судьясы кызматынан бошотулду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин мүчөлөрү КР Жогорку сотунун судьясы Дильфуза Боронбаеваны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууга макул болушту.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурлан Бообековдун айтымында, судья кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Депутаттар отставкага эмне себеп болгонун сураган учурда  Нурлан Бообеков маалыматы жок экенин билдирген.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын январь айында УКМК Дилфуза Боронбаеванын эсепсиз байлыгын аныктаган. Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы декларацияга көптөгөн мүлктөрдү, анын ичинде алдыңкы курулуш компанияларынан 20дан ашык батирлерди, ошондой эле Ысык-Көлдөгү престиждүү пансионаттардагы кыймылсыз мүлктөрдү жана кымбат баалуу унааларды жашырган.

Ошол эле жылы парламент судья Дилфуза Боронбаеваны кызматтан алган.