Чек ара кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтары тапшырылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында Чек ара кызматынын 2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычын тапшыруу салтанаттуу аземи өттү.

Төрт кабаттуу үй аскердик шаарчанын аймагында курулган. 36 батирлүү үйдүн курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү. 

Иш-чарада сөз сүйлөгөн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик чек араны бекемдөө, өлкөнүн жана жалпы аймактын чек ара коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.

“Мекен чегинин сакчыларынын социалдык көйгөйлөрүн  чечүү маселеси   ар дайым Кыргызстандын Президентинин көңүл борборунда, ошондой эле аскер кызматчыларынын кызмат өтөөсү үчүн жана алардын үй-бүлөлөрүнүн турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууга жалпы өлкө жетекчилиги тарабынан зарыл болгон чаралар көрүлүп келүүдө. Ага бүгүнкү иш-чара айкын мисал болуп турат”, – деп белгиледи Камчыбек Ташиев.

Көптөн күткөн жаңы батирлердин ачкычтарын 36 аскер кызматчынын үй-бүлөлөрү алышты.

Жаңы турак-жай комплексинде алар үчүн көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө откана, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган.

Бул үйдөгү батирлердин орточо аянты 62-87 м2 түзөт.

Үй жеке долбоор менен курулган.