Айтматовдо милициянын көчмө кабылдамасы мектептерде иш алып барууда

Талас облусунун Айтматов районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен мектептерде иш алып барууда. Анда кылмыштуулукту жана укук бузууларды болтурбоо максатында эртең мененки сабак башталган учурдан баштап, мектеп окуучулары арасында сабакты калтырган, социалдык жардамга муктаж жана үй бүлөлүк абалы оор балдарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.
Жогорку класстын окуучуларына лекцияларды окуп, ар кандай темада дискуссия кылышты.
Балдар арасында рэкетчиликке жол бербөө үчүн милицияга кайрылуу керектигин айтып, байланыш номерлерди берип түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.