Баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон жаран, баңги заттарды эркинен ажыратуу жайларына ташып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

🔶 Бул факт ИИБде катталган. Алынган маалыматтардын негизинде мындан аркы иштеп чыгуу иштери жүргүзүлдү. Тактап айтканда, бир күн мурун кылмыштын бетин ачууга багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттерге шектелип, 1976-жылы туулган, Чүй облусунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон А.О. аттуу жаран кармалган.

🔶 Аталган жаран кылмыш дүйнөсүнүн авторитеттери менен тыгыз байланышта болуп, “смотрящий” деген криминалдык макамга ээ. Жеке тинтүү учурунда андан баңгизаты табылып алынган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында (КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси) тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

🔶 Азыркы учурда айрым адамдардын убактылуу кармоочу жайларга баңги затын жеткирүү каналын уюштурууга катыштыгы текшерилүүдө.