Электр менен жылытууга тыюу салуу башка жылуулук булактары жок үйлөргө жайылтылбайт

Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жалаң электр менен жылытылган көп кабаттуу үйлөр бар. Алар борбордук же газ менен жылытууга кошулган эмес. Алар кышында өчүрүлбөйт.

«Өткөн жылы да тартыштык болгон. Бирок биз бул үйлөргө чектөө киргизген эмеспиз. Быйыл да ошондой болот. Андыктан тынчсыздана турган эч нерсе жок. 5 киловатт кубаттуулуктун лимити жөнүндө сөз кылганда, бул көйгөй жаратат дегенди билдирбейт. Керектөөчүлөр бир эле учурда мешти, лампаларды, кир жуугуч машинаны, муздаткычты оңой колдоно алат», – дейт Алтынбек Рысбеков.

Энергетика министрлиги кышкысын электр менен жылытууга тыюу салууну пландап жатканы буга чейин маалымдалган. Бул электр энергиясынын тартыштыгына байланыштуу.