Азербайжан Ысык-Көлгө беш жылдыздуу мейманкана курууга кызыктар

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналына жазды.Бюджет комитетинде Азербайжан менен Ысык-Көлдүн жээгине беш жылдыздуу мейманкана куруу боюнча келишимди карайбыз. Бул үчүн министрлер кабинети тарабынан Кара-Ой айылынан 17 гектар жер бөлүнүп, анын 12 гектары өздөштүрүлөт, 4 гектары сейил багына, 1 гектарына жарандар үчүн жеткиликтүү пляж аянты», – деп жазган депутат. Ага ылайык, Министрлер Кабинети пансионаттын инфраструктурасын жана жолду курууну, мейманкананы 10 жылга салыктан бошотууну, 49 жылга жерди пайдаланууну узартуу укугу менен берүү иштерин жасайт. Өз кезегинде Азербайжан үч жылдын ичинде мейманкананы куруп, 70 пайыз кыргызстандык жумушчуларды жумуш менен камсыз кылууга милдеттенет.