Быйыл Бишкек шаарынын 9 жаңы конушу газга кошулат

 Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, 2022-жылы 2 миң 798 абонент газга кошулса, бул жылы Арча-Бешик, Бакай-Ата, Ак-Тилек, Ак-Тилек-1, Бакай-Ата-1, Турбаза, Попеновка, Товарня жана Селекция жаңы конуштары газга туташтырылат.