Муниципалдык администрация, Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын, Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт салыгын төлөө боюнча рейд жүргүзүштү.
Жыйынтыгында 38 унаа токтотулуп, айып салуу үчүн 5 акт түзүлдү.
Эскерте кетсек, транспорт каражаттарына салык төлөөдөн качкандар үчүн: жеке жактар үчүн – 1000 сом, юридикалык жактар үчүн – 5000 сом өлчөмүндө айып пул салынат. Транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 2023-жылдын 1-сентябрында аяктаган.
Home Окуялар тизмеги Свердлов районунда транспорт салыгын төлөөдөн качкандарды аныктоо боюнча рейддер башталды