Ири ишкананы басып алууну көздөгөн “басмачылар” кимдер?

Тээ 90-жылдардагы рейдердик басып алуу кайрадан кайтып келдиби? Баарын башынан куруп, ири өнөр жай гигантына айландырган ишкананын ээсин кимдер тоноп жатат? Ишкана курулгандан 10 жылдан соң гана кошулуп, компанияда  25% гана үлүшү бар адам көнүмүш көрүнушкө айланган каралар же качоктор эмес, сот кызматкерлери менен биргеликте компанияны толук тоноп жатканы кызык. Болбосо мамлекет башчысы инвестор жана өндүрүшчүлөрдү ар тараптуу коргоо талабын койбоду беле?

Басмачылык жол менен барандуу өнөр жайды тартып алган опурталдуу окуяны баяндайбыз.

Немис гиганты BOSCH менен тең тайлашкан кыргыз заводу

1995-жылы Кыргызстандык бизнесмен Ахмед Билал Жамал Генчем аттуу түрк инвестору мн биргеликте жылытуу шаймандарын өндүрүүчү ишкана ачып, аны «ТАНСУ» аташат.

image 1 3 Ири ишкананы басып алууну көздөгөн “басмачылар” кимдер?
Сүрөттө: Ахмед Билал (солдо) жана Жамал Генч

«Башында сырттан жылытуучу шайман ташып жүргөндө,  кийин Кыргызстан өзү дал ушундай өндүрүштөрду чыгарат, Кыргызстанда мындай заводду мен ачам деген максат койгом, – дейт Ахмед Билал. – Башында анча чоң эмес ресурс мн ачып, улам кеңейимп, жеке аракети менен жаңы технологиялар менен толуктай алган. 30 жылда кичинекей ишкана КМШ өлкөлөрүнө кулачын жайган ири гигантка айланган. Европалык конструкциядагы буу түтүктүү жана жылытуу казандарын өндүрүүчү катары Тансу жалпыга  жакшы таанымал».

image 1 4 Ири ишкананы басып алууну көздөгөн “басмачылар” кимдер?
Ахмед Билал заводдо өндүрүлгөн жылытуучу казандын жанында

«Бул кыялым эле, ал үчүн көп тоскоолдуктардан өттүм. Өндүрүштө айтылуу Фокин Юрий Александрович өндүү советтик окумуштуулар иштеди. Германия, Италиядан профессорлор келди. Биздин кызматкерлерди Түркияга жаңы технологияларды өздөштүрүү үчүн жөнөттүм. Бизден чыккан товардын биринчи партиясын Новосибирскке саттык,- деп эскерет Ахмед Билал. – Бүгүнкү күндө Санкт-Петербургдан Камчаткага чейин өнөр жайлардын бир тобунда «MADE IN KYRGYZSTAN»», – деп биздин жылытуучу казандарыбыз турат.

image 1 5 Ири ишкананы басып алууну көздөгөн “басмачылар” кимдер?
Ахмед Билал Новосибирскте көргөзмөдө

Азыр «ТАНСУ» сапаттын жана ишенимдин символу, чет мамлекеттердеги ири уюмдарга экспорттоочу. Товарлардын 95%ы чет өлкөлөргө экспорттолот.

Бүгүнкү күндө «ТАНСУ» менен тең тайлаша алган, ага атаандаш боло турган ишкана бүтүн КМШ боюнча жокко эсе. Сапат жагынан Россия, Казакстан өндүү өлкөлөрдүн өндүрүшчүлөрү да аша албайт. Атаандашы европа заводдору Bosch жана Viessmann, жана башка Түркия, Италия мамлекеттериндеги айрым фирмалар. 

Тансунун өндүрүшүн колдонгон гигант заводдордун тизмеси таң калдырат:

1.   ​Carlsberg (Өзбекстан)

2.   ​Coca-Cola (Өзбекстан)

3.   ​Шымкент май комбинаты(Казакстан)

4.   ​Новосибирск картон-кагаз заводу (Россия)

5.   ​Шоро (Кыргызстан)

6.   ​Кублей (Казакстан)

image 1 6 Ири ишкананы басып алууну көздөгөн “басмачылар” кимдер?
«ТАНСУ» заводу дайыма заманбап технологияларды колдонот

«Бул талыкпас эмгектин жыйынтыгы. Эч бир көйгөйгө карабастан дагы эл аралык көргөзмө, ярмарканы калтырган жокмун. Азыр Кыргызстандан чыгарылган ТАНСУ дүйнөдө таанымал бренддердин бири», – дейт Ахмед Билал.

«Достуктан кастыкка…»

2004-жылы заводдо Тахиров Закерья аттуу инсан, Ахмед Билалдын жогорку окуу жайдан берки таанышы пайда болот.  Ахмед Билал продукцияны эл аралык рынокто жылдыруу жана өндүрүш процесстерин өркүндөтүү менен алектенген. Тахиров Закерянын милдети ез кезегинде комбинатты материалдар менен камсыз кылуу эле. Ал эми Махмуд Билалов заводдогу бардык ендуруштук процесстерди уюштурган.

image 1 7 Ири ишкананы басып алууну көздөгөн “басмачылар” кимдер?
Жашыл менен белгиленген Ахмед Билал, кызыл менен Тахиров Закерья

2004-жылга чейин үч негизги катышуучунун ортосундагы мамиле ийгиликтүү өнүгүп, өндүрүш өз жолунда эле. Эч нерседен кам санабаган, кесиптештерине ишенген Ахмед Билал үлүштөрдү бөлүштүрүүнү чечет. Мына ушундай жол менен Тахиров Закеря «ТАНСУ» ЖЧКсынын 25%, Билалов Махмуд 20%, Ахмед Билал өзү эң чоң 55%дык үлүшкө ээ болгон.

image 1 8 Ири ишкананы басып алууну көздөгөн “басмачылар” кимдер?
Шляпачан – Махмуд Билалов, жанында завод кызматкери, андан соң Закерья Тахиров, кийинки атайы Түркиядан келген профессор

– Тахиров тынч, башында олку-солку окуялар деле болгон эмес. Балким кийин завод өнүккөн сайын көрө албастык өңдүү сапаттар өрчүй баштады окшойт.

Ахмед Билалдын эскерүүсүндө Тахиров 2020-жылы кабинетине келип, түшүнүксүз, эч кандай жумушка тиешеси жок кептерди козгогон. – Капыстан анын досторуна терс мамиле кыларымды, баарына жооп берер күн келээрин айтып баштады. Азыр бул жакка бир адамдар келип мени менен маселе чечээрин айтты. Мен анын бул сөздөрүнө, риторикасына жана айткан тонуна, жүрүмүнө аябай таң калдым. Ага эмне болгонун чыны менен дароо аңдап түшүнө алган жокмун. Бул фактыны биздин эки кызматкер документалдуу түрдө каттаган. Бул өңдүү чуулар кийин да уланды. Ири бизнесмендердин туугандарын, тааныш-билиштерин ээрчитип келип, өзүнүн үлүшүн аларга берип, анан алар мени менен маселе чечээрин айтып коркутуп жатты. Ошондо гана рейдерлик аракети башталганын түшүндүм. Коркутуп-үркүтүү, күч үстөмдүгү менен компанияны башка адамдарга жаздыртуу аракети күчөдү.

Ахмед Билал ал учурда үй-бүлөсүнө жана жакындарына коркутуулар болгонуна карабастан укук коргоо органдарына  кайрылган эмес.

Бизнести сактап калуу үчүн Ахмед Билал активдердин абалын карап баштады. Тахиров Закеря катышкан Жетекчилердин жалпы чогулушунда аянты 180 кв.м болгон имаратты сатуу чечими кабыл алынган. Жер тилкесин жана унааларды сатуу процесси мыйзамдын бардык талаптарына ылайык өткөн.

-Бул компания мага жана менин туугандарыма таандык. Менин компаниям, менин заводум. Эмнеге мен аны башка чоочун адамдарга жазышым керек? Бардык келишимдерм сатуулар акционерлердин жадпы чогулушунда чечилген. Керектүү мыйзамдуу талаптар аткарылган.

Соттук рейдерликпи?

Активдердин бир бөлүгү жаңы компанияга өткөнүн билген Тахиров Закеря сотко кайрылган. Анын пикиринде, кеңсенин жана бир нече унаалардын сатылуусу компанияга «ири зыян» алып келген, ага байланыштуу ал соттон Ахмед Билал менен анын бир тууганынан компаниянын 75% үлүшүн тартып алууну талап кылган.

Ахмед Билал алгач кыргыз Фемидасы өнөр жайды негиздөөчүсүнөн тартып алмак беле деп олуттуу ойлонгон деле эмес. Кыргыз соту колунда 25% гана үлүшү бар адамга ири ишкананы толук тоноого  жардам берет деп ким ойлоптур?

Алгач Ленин райондук соту, кийин Бишкек, анан Жогорку сот келтирген зыяны үчүн Ахмед Билал менен Махмуд Билалды ТАНСУнун негиздөөчүлөрүнөн чыгарган. Анын үстүнө Ленин райондук сотунун өкүмүн алган Тахиров Закеря чечимдин мыйзамдуу күчүнө киришин күтпөстөн, кандайдыр бир жол менен мыйзамдуу мөөнөтүнөн мурда ишкананы өзүнө  каттатып алган. Ленин райондук сотунун одоно катасы бул чечимдин бир күн мурда мыйзамдуу күчүнө киришине чейин басылган мөөрү болгон.

«Биз таң берип эле калдык. Сот Калыбеков Урмат бир отурумда компаниянын 75%ын 25% гана үлүшү бао адамга берип салды. Ага себеп катары офисти 2-3 эсе арзан саткансыңар деп кине койду. Бул биздин жеке компания, кайсы баага сатабыз ал биздин ички ишибиз болцп эсептелет. Жылына 20-30дай келишимдер түзүлөт, бир келишимдин негизинде компанияга канча зыян келтирилгенин кантип аныктай алышат? 30 жылдык эмгегим бир соттун менен чийилди», – дейт Ахмед Билал.

2104235.3e157706fa78a4c15c2f6091069455bf Ири ишкананы басып алууну көздөгөн “басмачылар” кимдер?

Соттун мындай чечимине юристтер да таң…

«Сот өзүнө экономист, баалоочулардын милдетин алып, зыян келтирүүчү же келтирбөөчү аракет деп жеке өзү чеяим чыгарып салган. Анан ушунун негтзинде Ахмед Билалады 75%дык үлүшүнөн ажыратып салды. Мындай көрүнүш менен күрөшпөсөк мындан соң компанияда 10-15% үлүшү бар ар бир адам, «мобул компаниянын 80-90% үлүшү бар ээси отургучту арзан сатып коипанияга зыян келтирди. Кичи пейилдикке компанияны толук мага өткөрүп коюңуз, – деп баштайт. Элестетиңиз? Бул темп менен мамлекеттеги жалпы инвестициялык климатты булгап салабыз»,- деп белгилүү юрист Рустам Абдурауфов комментарий берди.

«Завод  бөлүнүп, сатылат…»

Соттун чечими коллективде кыжырданууну жана нааразычылыктарды пайда кылды. Көптөгөн жумушчулар муну менчик укугун жана адилеттүүлүктү бузуу катары кабыл алышат. Алар Ахмедсиз завод жок болорун айтышат. Анткени ал гана бардык өндүрүштүк циклдердин өзгөчөлүктөрүн, финансылык башкарууну билет. Эгерде Ахмед Билал жумуштан рейдерлик жол менен четтетилсе, анда завод бөлүк-бөлүккө сатылып кетиши ыктымал. Мүмкүн – бул рейдерлердин негизги максаты.

«Бул киши өндүрүштө эч нерсени түшүнбөйт. Эмнеге бул жакка тырышып атат? – деп заводдун кызматкери(маляр) Кенжебек уулу Нурлан таң калганын жашырган жок. – Ахмед Билал менеджмент, каржы, өндүрүш маселелеринин баарын чечет. А Закерья келип акчасын гана алып кетет. Анын максаты заводду жөн гана сатып жок кылуу, жамаатты жумушсуз калтырып, Кыргызстандагы өндүрүштү азайтуу. Ушул туурабы? Өлкөдө ансыз деле өндүрүш жокко эсе. Баары эми гана жанданып атат. Ошондуктан бул адам (т.а. Тахиров Закерья) кылган аракеттер туура эмес».

image 1 9 Ири ишкананы басып алууну көздөгөн “басмачылар” кимдер?
Маляр Кенжебек уулу Нурландын айтымында рейдерлердин башкы максаты “ТАНСУ” заводун сатып жок кылуу

Кенжебек уулу Нурландын баяны боюнча Ахмед Билала мыкты менеджер гана эмес, жамаатына камкор жетекчи. Заводдун кайсы бир кызматкери ооруп калса, бардык төлөмдөрдү өз моюнуна алат. Бул сапаттар Тахировдо жок, тескеричиснче кызматкерлерге мамилеси орой.

Ушул себептерден улам, заводдун кызматкерлери Тахировдун башчылыгы астында иштөөдөн баш тартышат.

«Заводдун жалпы ишмердүүлүгүн Ахмед Билал камсыздайт. Ички жана сырткы мамилелер, маселелер баары анын жоопкерчилигинде. Ал эми Тахиров болсо жөн гана товар ташуучу болуп иштеген. Ахмед Билаласыз заводду элестете да албайм. Коллектив Тахиров Закерьяны жетекчи катары кабылдабайт. Эмнеге билесизби? Бул оор индустрия. Тахировдун «боло берет» деген принциби менен өндүрүштө өзгөчө кырдаал башталат. Андан кийин ишенимдүү имиджибизди жоготуп, завод талкаланып жок болот», – дейт бригадир Вразовский Сергей.

Президенттен жана мыйзамдуулуктан үмүт

Акыйкаттыкакырындап мыйзамдуу жолго келе баштады. Жакында эле КР Жогорку соту Закеря Тахировду ТАНСУнун директору кылып каттоо чечимин жокко чыгарган. Ага карата Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгоду. Ахмед Билал мыйзамдын үстөмдүгү орноп, 30 жылдан бери куруп жаткан объектилерине болгон укуктар кайтарылып берилээрине ишенет.

«Президент Садыр Жапаров өлкөнүн өнүгүүсү, инвестор тартуу жана өндүрүштү өркүндөтүү үчүн күнү-түнү иштейт. Бардык укук коргоо органдарына инвестиция жана жеке менчикти коргоо боюнча тапшырма берген. Бирок соттор баарын тетири кылып жатышат. Рейдерлик басып алууну мыйзамдаштырып, мени заводумдан кол жуудуруп жатышат. Мен Прнзидент Садыр Жапаровго, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевге бул ишти жеке көзөмөлдөрүнө алып, акыйкат жыйынтык чыгарууга жардам беруусун суранып кайрылам»,- дейт Ахмед Билал.

image 1 10 Ири ишкананы басып алууну көздөгөн “басмачылар” кимдер?
Садыр Жапаровдун биринчи указы ишкердерди жана инвесторлордуу коргоо боюнча болгон

Тансунун жамааты Президент жана башка жоопкерчиликтүү адамдардан адилет чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүсүн суранып, заводду талап-тоноодон сактап калууну суранышат.

«Биздин өнөр жай жакшы, көбүнчө эксрортко иштейбиз. Заводдо чыккан чуунун башында адам – кыргызга душман, анткени мындай ири ишкананын өндүрүшүн токтотуу саткынчылыкка барабар. Президентке, депутаттарга кайрылам. Урматту, Садыр Нуркожоевич, Кыргызстанга бул заводду сактап калууга жардам бериңиздер. Россия чыгара албаган шайманды Кыргызстан чыгарып жатат. Элестете аласыздарбы? Өндүрүштун 95% экспортко кетет, жамаат да мыкты. Мындай көрүнүшту колдош гана керек», – дейт заводдун маляры Кенжебек уулу Нурлан.

image 1 11 Ири ишкананы басып алууну көздөгөн “басмачылар” кимдер?
“ТАНСУ” кызматкерлери акыйкат чнчим чыгарына ишенишет

Серепчилердин айтымында, рейдерликти мыйзамдаштырган сот чечимдери инвестициялардын кетишине жана «жагымсыз өлкөнүн» имиджин түзүүгө алып келет.

«Рейдерлик жолу менен тастыкталган адилетсиз сот чечимдери потенциалдуу инвесторлорго терс белги берет, – дейт экономика боюнча эксперт Төлөнбек Абдыров. – Мындай көрүнүштөр менчик укугу жана адилеттүүлүк оңой эле бузулушу мүмкүн деген ойду жаратат, бул өз кезегинде инвестициянын коопсуздугу боюнча кооптонууну жаратат. Инвесторлор туруктуу чөйрөгө инвестиция салууга умтулушат жана алар укуктук системанын адилетсиз аракеттерге дуушар болушу мүмкүн экенин көргөндө, алар тобокелдикти сезип, мындай кооптуу жагдайлардан качат. Бул аймакка инвестиция тартууга болгон кызыгуунун төмөндөшүнө жана натыйжада инвестициялардын бизден кетишине алып келет».

«ТАНСУ» өнөр жайы жашоо жана өнүгүү укугу үчүн күрөшүн улантууда. Бул иш бүтүндөй мамлекет, коом үчүн чоң чакырык. Анын жыйынтыгы сот системасынын күчтүүлүгүн, адилеттүүлүккө болгон аракетин сынайт. Бул ишканынын тагдыры өлкөдө өндүрүш өнүгөбү, инвесторлор келеби, экономика өргө сүрө алабы, же артка, 90-жылдардагы күч үстөмдүк кылган заманга кайтабы – баарын аныктайт.