Эгемендик күнүн белгилөөгө кимдер келди?

Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдык мааракеси Ош шаарында белгиленүүдө. Ага президент Садыр Жапаров, ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев, парламент депутаттары, коомдук, саясий, жана маданий ишмерлер катышат.

Ошондой эле иш-чарага Кыргызстандын экс-президенттери Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков катышты.

Салтанаттын алкагында «Сулайман тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде туу көтөрүү аземи өттү. Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын тунгуч премьер-министри Насирдин Исановдун эстелиги ачылды.

Ош улуттук драма театрында «Ош — достук шаары» фестивалы болот. Түштөн кийин Көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдештин финалы өтөт.

Кечинде шаардын борбордук аянтында өлкө эгемендигин жана маркум Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган концерт уюштурулат.

FB IMG 1693463805580 1 768x576 1 Эгемендик күнүн белгилөөгө кимдер келди?
FB IMG 1693463783547 1024x683 1 Эгемендик күнүн белгилөөгө кимдер келди?