Кечинде Бишкек менен Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот

Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында ошондой эле Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат.

— Жеке коопсуздугуңуз үчүн көчөгө сейилдеп чыгуудан карманыңыз;

— Унааңызды бак-дарактын жана имараттын түбүнө токтотпоңуз;

— Турак жай жана имараттагы эшик-терезелерди жабыңыз.