
Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активисттер Али Шабдан, Акыл Айтбаев жана Эрлан Бекчоро уулу үй камагына чыгышты.
Мындай чечимди бүгүн, 28-августта Бишкек шаардык соту кабыл алды.
Белгилей кетсек, учурда дагы 11 адам камакта калууда.
Ал эми 22-августтан бери Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын ичинен алты киши: Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров ачкачылык кармап жатканын айтышкан.
Эске салсак, 2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн. Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй анын мүчөлөрү, аларга тилектеш адамдар кармалган.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу баш-аягы 27 адам кармалган.