Токаев чек арада түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууну тапшырды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө казак-кыргыз чек арасында түзүлгөн кырдаалды өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамиледе жөнгө салууну тапшырды.

Ошондой эле чек арадан мыйзамсыз жүк ташып өтүүгө жол бербөө үчүн санариптештирүү жана автоматташтыруу процессин активдүү киргизүү маселеси боюнча кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгы белгиленди.

Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасындагы «Кең-Булуң-автодорожный» жана «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттеринде жүк ташуучу унаалар бир нече күндөн бери токтоп турат. Жүк ташуучу унаалардын үйүлгөнү тууралуу билдирүүлөр 21-августтан тарта чыга баштаган.